Loading...
Жүктөлүүдө 0%

Компьютердик Борбор

Таарыхы жана өнүгүүсү

Негизделиши (2009-жыл)

МИТ факультетинин Компьютердик борбору 2009 – жылы Ош МУнун ректорунун № 491 - буйругунун негизинде Компьютердик базаны жана информациялык технологиялар багытындагы окуу-усулдук, илимий иштерди борборлоштуруу үчүн ачылган.

Демилгечи: ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиев

История
Жетекчилик

Алгачкы жетекчилик

Алгач Компьютердик борбордун директору кызматына ф.-м. и. к. Арапбаев Русланбек Нурмаматович 2009-жылдын 3-августунда дайындалган жана компьютердик борборду негиздеп чыккан.

Өнүгүү этабы (2011–2013)

2011 -жылдын 2-сентябрынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович дайындалып, ийгиликтүү иштеп келген.

Өнүгүү
Азыркы учур

Азыркы учур

2013-жылдын 11-сентябрь айынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп Нуранов Бактыбек Шермаматович дайындалды.

Азыркы мезгилде Компьютердик борбордо 17 заманбап компьютердик аудитория иштеп жатат. Борбордо 8 адис эмгектенет. Жалпы 200дөн ашык заманбап компьютерлер бар.

Аладын баары локалдык жана глобалдык интернет тармагына туташтырылган жана студенттер үчүн атайын зымсыз интернетке чыгуу Wi-Fi лар орнотулган.

Кызматкерлердин кызматтык милдеттери жана укуктары

Компьютердик борбордун директору

ОшМУ МФТИТ Компьютердик борбору

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун "Компьютердик борбор" окуу лабораториясынын директорунун кызматтык милдеттери жана укуктары.

  • Компьютердик борбордун ишин уюштурат жана башкарат
  • Маалыматтык технологияларды окуу процессине киргизүүнү камсыздайт
  • Техникалык камсыздоону көзөмөлдөйт жана отчетторду даярдайт
  • ОшМУнун ректоруна жана МФТИТ институтунун директоруна түз баш ийет

Жетекчи адис

Компьютердик борбор

Серверлердин, компьютерлердин жана локалдык тармактын туруктуу ишин камсыздайт, техникалык колдоо көрсөтөт.

  • Серверлердин, компьютерлердин жана тармактын туруктуу иши
  • Программалык жана техникалык камсыздоону орнотот, тейлейт
  • Колдонуучуларга техникалык колдоо көрсөтөт
  • Компьютердик борбордун директоруна түз баш ийет

Инженер-программист

Компьютердик борбор

Программаларды иштеп чыгат, тесттейт жана оңдойт, маалыматтарды иштетүү схемаларын түзөт.

  • Программаларды иштеп чыгуу, тесттөө жана оңдоо
  • Маалыматтарды иштетүү жана сактоо схемаларын түзүү
  • Программалык документтерди жана нускамаларды даярдоо
  • Компьютердик борбордун директоруна түз баш ийет

Лаборант

Компьютердик борбор

Компьютерлерди жана аудиторияны сабакка даярдайт, техникалык абалды көзөмөлдөйт, сабакка жардам берет.

  • Компьютерлерди жана аудиторияны сабакка даярдоо
  • Техникалык абалды, тазалыкты жана тартипти көзөмөлдөө
  • Сабакка жардам берүү жана студенттерди көзөмөлдөө
  • Компьютердик борбордун директоруна баш ийет